Оштун борбордук аянтында жыл соңуна чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Ош шаарынын борбордук аянтында жыл соңуна чейин митинг жана акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэриянын тиешелүү токтому 28-июндагы Ош шаардык сотунун чечиминин негизинде иштелип чыккан.
«Чектөө 31-декабрга чейин киргизилди. Чечим шаардыктардын борбордук көчөлөрдө тынчтыкты, коопсуздукту камсыздоо боюнча кайрылуусунун негизинде кабыл алынган. Ошондой эле бир катар көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткандыктан борбордук көчөлөрдө транспорттун агымы көбөйгөнү эске алынган», — деп айтылат маалыматта.
Тыюу мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга жайылтылбайт. Акцияларды Ататүрк сейил багында өткөрүүгө болот.
Эске салсак, 2023-жылы Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынып, ал улам узартылып отуруп, акыркысында 30-сентябрга чейин чектөө киргизилген.