Паралимпиада-2024: Гүлназ Жүзбаева 13-орунду ээледи

Парижде өтүп жаткан Паралимпиадада кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетикадан 1 миң 500 метр аралыкка чуркап, 13-орунду ээледи. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, ал бул көрсөткүч менен көзү азиз спортчулардын арасында жаңы улуттук рекорд жаратты.

 

Алдыңкы орун алган Кытай, Түштүк Африка, Эфиопия, Кения жана Польшанын пара женил атлетчилери финалдык баскычка өтүштү.

 

Эске салсак, Кыргызстандан бул оюндарга төрт спортчу катышууда. Бүгүн аялдар арасында триатлондон Айтунук Жоомарт кызы жарышка чыгат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.