Париж-2024: Бүгүн кыргызстандык дагы үч спортчу мелдешке чыгат

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында бүгүн кыргызстандык дагы үч спортчу мелдешке чыгат. Амантур Исмаилов грек-рим күрөшү боюнча көңүл жубатуучу беттеш өткөрөт. Бекзат Алмаз уулу эркин күрөш боюнча мелдешке 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышат.

 

Таймаштар Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 3:30да башталат.

 

9-августка караган түнү бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыгуу үчүн күрөшөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.