Париж-2024: Бүгүн Шаршенбеков менен Жуманазарова килемге чыгат

Бүгүн Париждеги жайкы Олимп оюндарында күрөш боюнча мелдештер башталат.

 

Турнирдин биринчи күнүндө 60, 68  жана 130 кг салмак категориясына чейинки грек-рим, эркин күрөш боюнча финалисттер аныкталат. Кыргызстандын атынан балбандар Мээрим Жуманазарова менен Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат.

 

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де башталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.