Париж Олимпиадасында бокс боюнча Кыргызстанга алгачкы медалды алып келген Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2,5 миллион сом тапшырылды

Париж Олимпиадасында бокс боюнча Кыргызстанга алгачкы медалды алып келген Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2,5 миллион сом тапшырылды. Ушундай эле суммадагы сыйлыкты Жоламан Шаршенбековдун жеке машыктыруучусу Хаким Махмудов да алды.

 

Андан тышкары мамлекеттин атынан бардык жеке, биринчи жана башкы машыктыруучуларга 50 миң сомдон 6,5 млн сомго чейинки акчалай сыйлыктар берилди.

 

Белгилеп кетсек, Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Париж Олимпиадасына каттоо аяктап калганына байланыштуу барбай калган.