Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында беш спортчу өлкө намысын коргойт

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында беш спортчу өлкө намысын коргойт.
Алгачкылардан болуп эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта Айаал Лазарев жубатуучу беттеште Канаданын спортчусу Амарвир Деси менен кез келет. Кыргызстандык балбан буга чейин жеңилип калган ирандык спортчу финалга чыгып, коло үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк жаралды. Бул беттештер саат 15:00дө башталат.
Артынан саат 15:30да 65 килограммда Эрназар Акматалиев 1/8 финалда венгриялык Исмаил Масукаев менен күрөшөт. Ушул эле баскычтан 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы өзүнүн алгачкы атаандашы кытайлык Ван Цзюань менен беттешет.
Кечки саат 23:15терде Айсулуу Тыныбекова коло үчүн беттеште румыниялык Криста Инце менен канадалык Анна Гонзалес жубунун жеңүүчүсү менен кез келет. Бул экөө 15:00дөгү жубатуучу бетештерде кезигишет.
11-августка караган түнү саат 01:47де бокс боюнча 57 килограмм салмакта Мунарбек Сейитбек уулу өзбекстандык Абдумалик Халоков менен алтын үчүн рингге чыгат.