Парламент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды

Парламент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды. Жыйынга катышкан 69 депутаттын баары ага «макул» деп добуш берди.

 

Анын талапкерлигин Садыр Жапаров сунуштаган.

 

Максат Асаналиев ушул кезге чейин Ош облусунун прокурору болуп иштеп жаткан. Ал эми буга чейинки баш прокурор Курманкул Зулушев кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазган.