Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Документке ылайык, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү мекемесинин жетекчиси 5 жылга дайындалат жана бир мекемеге 10 жылдан ашык жетекчи боло албайт.

 

Билим берүү мекемелерин аккредитациялоого мындан ары ыктыярдуу түрдө ишке ашырылат.

 

Башталгыч, негизги жана жалпы билим берүү Кыргызстандын жарандары үчүн милдеттүү болуп саналат. Мыйзам күчүнө кирди.