Президенттин Таластагы өкүлү болуп Эрмат Жумаев дайындалды

Президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эрмат Жумаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

 

Жумаев Талас шаарынын мэри болуп иштеп жаткан. Ал ошондой эле Каракол шаардык кеңешинин депутаты, Каракол шаардык «Зеленстрой» ишканасынын жетекчиси, Караколдун мэри болуп иштеген.

 

Ал эми буга чейинки президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов 31-июлда кызматтан алынган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.