Республикада аба-ырайы шарттарынын начарлаганына байланыштуу куткаруучулар жарандарды этият болууга чакырат

Республикада аба-ырайы шарттарынын начарлаганына байланыштуу куткаруучулар жарандарды этият болууга чакырат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешкендей, тоолуу райондордогу жолдордо жүрүүдө абайлаш керек.

 

Кар жаап жаткандыктан, трассаларда көрүү начарлады. Айрым тилкелерде муз тоңду. Айдоочуларга ылдамдыкты жогорулатпай, жол эрежелерин так сактап жүрүү сунушталат. Ал эми жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү зарыл.