Садыр Жапаров “Баатыр эне” орденин ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров “Баатыр эне” орденин ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Документке ылайык, Бишкек, Ош жана Кыргызстандын жети облусу боюнча 588 энеге орден ыйгарылды.

 

Өлкөдө жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Быйыл Энелер күнү 19-майга туш келди.