Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 24-26-июнда Бельгия Падышалыгына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

«Мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаровдун Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат. Сапардын жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюу күтүлүүдө», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.