Садыр Жапаров Париждеги Олимпиада оюндарына катыша турган курама командага тууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго мамлекеттик тууну тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

 

Иш-чаранын аягында Жапаров улуттук курама команданын капитаны Акжол Махмудовго Кыргызстандын мамлекеттик желегин тапшырды.