Салык кызматы ишкерлерге ККМ аппараттарын акысыз бере баштады

Салык кызматы ишкерлерге ККМ аппараттарын акысыз бере баштады. Маалыматка караганда, этап-этабы менен 32 миң аппарат берилет.

 

Долбоор ар кандай себептер менен өз алдынча сатып ала албаган, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда иштеген, патенттик системадан салык салуунун башка түрлөрүнө өтүп жаткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылат.

 

Кассалык-көзөмөл аппаратын алуу үчүн салык төлөөчү экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз бериши керек.