Салык органдары бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимге өттү

Салык органдары бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимге өттү. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта  30-апрелге чейин документ эртең мененки саат 9дан түн ортосуна чейин кабыл алынат.

 

Тагыраагы, отчетту иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жеке жактар кечки саат 6дан кийин тапшырса болот.

 

Белгилеп кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө берүүсү керек. Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-майда аяктайт.