Сауд Арабиялык “Аль-Хиляль” клубу Лионель Мессиге рекорддук сумма менен келишим сунуштады

Сауд Арабиялык “Аль-Хиляль” клубу Лионель Мессиге рекорддук сумма менен келишим сунуштады. Ага ылайык, эки жылда футболчуга 1 миллиард евродон ашык берилет.

 

Эгер аргентиналык форвард макул болсо, анын жылдык маянасы 600 миллион еврону түзөт. Бул аны автоматтык түрдө дүйнөдөгү эң кымбат футболчу кылат.

 

Соңку маалымат боюнча, Мессинин агенти, ошол эле учурда анын атасы, макулдашуунун шарттарына макулдугун берди. Акыркы чечимди Месси жакынкы арада кабыл алышы керек.