Сел Баткен облусунда дагы жүрдү

Сел Баткен облусунда дагы жүрдү. Учурда аймакта ыкчам топ иштөөдө, — деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

 

Маалыматка ылайык, кечээ кечинде нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай, Үч-Дөбө айылдарында турак-жайларды сел каптады.

 

Ошондой эле сел суулары кирген Кадамжай районунун Чаувай, Лейлек районунун Бешкент айылындагы турак жайларда, жер төлөлөрдө жана ички арыктарда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.