Сел түшкөн унаа жолдорду тазалоо иштери кызуу жүрүүдө

Сел түшкөн унаа жолдорду тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Ноокат-Араван унаа жолу тазаланып, эки тараптуу каттам берилди.

 

Учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ал эми Жалал-Абад-Казарман унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу, тазалоо жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 49-51-чакырым аралыгында каттам жок.

 

Жеринде атайын техника иштеп жатат. Ал эми Жаңы-Арык-Кызыл-Суу, ПАД-Кара-Сөгөт, Садырбай-Каратай жана башка унаа жолдор тазалоодон кийин ачылды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.