Селден улам жабылган Каракол – Эңилчек унаа жолу бир тараптуу ачылды

Селден улам жабылган Каракол – Эңилчек унаа жолу бир тараптуу ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ трассанын 75-77-чакырымдар аралыгында сел жүрүп, таштар түшкөн.

 

Бүгүн жол бир тараптуу ачылды, жеринде тазалоо иштери уланууда. Эске салсак, Ак-Суу районунун Эңилчек айылында жаандын кесепетинен сел 10 турак үйдүн короосун каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адистердин ыкчам тобу жергиликтүү тургандар менен бирге суунун нугун бурганын кабарлады.