Селден улам Жалал-Абад — Казарман, Ноокат — Араван, Мырзаке — Кара-Шоро жолдору убактылуу жабык

Селден улам Жалал-Абад — Казарман, Ноокат — Араван, Мырзаке — Кара-Шоро жолдору убактылуу жабык турат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жеринде аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техника иштеп жатат.

Ак-Терек-Папан-Кожокелең, Ош-Төлөйкөн, Топ-Жаңгак-Кара-Суу, Бишкек-Ош, Ош-Баткен-Раззаков, Ош-Сары-Таш-Эркечтам жана башка сел жүргөн унаа жолдор тазаланып, каттам берилди. Азыркы тапта бир тараптуу болгон жолдорду кеңейтүү, суу жеп кеткен тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.