Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычында дамба бекемделди

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычында дамба бекемделди. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, эми объект 78 миллион кубометрге чейин суу чогулта алат.

 

Бул буга чейинки көлөмгө салыштырмалуу 5 миллионго көп. Дамбаны бекемдөөгө каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Бул максатта 12 миллион сом жумшалды. Ведомстводон белгилешкендей, суу сактагычтын көлөмүн көбөйтүү менен 22 гектар айдоо жерин сугат суусу менен камсыздоо жакшыртылат.