“Түндүк” мобилдик тиркемесинде дагы бир санарип документ пайда болот

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде дагы бир санарип документ пайда болот. Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, жакын арада ал жерге электрондук пенсиялык күбөлүк кошулат.

 

Аталган тиркемеде бүгүнкү күндө паспорт, айдоочунун күбөлүгү, унааны каттоо күбөлүгү, туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, нике жана ажырашуу тууралуу күбөлүк жеткиликтүү.

 

Санариптик документтерди мамлекеттик органдарга, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга көрсөтсө болот.