Түп районунда сел каптаган 98 турак үй жана короо жайлары тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Корумду айылында 41, Көөчү айылында 24, Талды-Сууда 33 үй, 1 мектептин ашканасы, 1 бала бакчанын жертөлөсү, короо жайлары толук тазаланып, 13 көпүрө жана 5 миң 450 метр ички чарбалык жолдор калыбына келтирилди.
Жеринде дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө. Эске салсак, 7-августта нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрүп, айылдар жабыркаган. Андан тышкары, 35 гектар айдоо талааларын, ички чарбалык унаа жолдорду жана көпүрөлөрдү да сел алган.