Түркияга жардам эсебине 104 миллион сомдон ашык каражат чогулду

Түркияга жардам эсебине 104 миллион сомдон ашык каражат чогулду.

Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат.

Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.