Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, айлыгынан салым алынган жарандар Кыргызстанга келгенде бир жолку төлөм ала алышат

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, айлыгынан салым алынган жарандар Кыргызстанга келгенде бир жолку төлөм ала алышат. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 93 адам пенсиялык топтомо төлөмүн алууга укуктуу.

 

Дагы 15 жаран боюнча чечим жакынкы арада чыгарылат. Бир жолку берилүүчү төлөмдүн орточо өлчөмү 4 миң 200 долларды түзөт.