Түштүк Кореяда жалкоолук боюнча жыл сайынкы салттуу сынак уюштурулду

Түштүк Кореяда жалкоолук боюнча жыл сайынкы салттуу сынак уюштурулду. Эч нерсе кылбай отурууда – кыйынчылык жоктой сезилгени менен, 117 катышуучу үчүн  90 мүнөт бою кыймылдабай отуруу оңой болгон жок.

 

Сынак учурунда телефон кароого дагы уруксат берилбейт. Жеңүүчү туруктуу жүрөк кагышы боюнча аныкталды. Уюштуруучулардын айтымында, мындай сынактар стресс менен күрөшүү максатында өткөрүлүп келет.