11-мартта Талас облусу боюнча мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери ишембиликке чыкты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, айлана-чөйрөнү тазалоо иштери баардык ишкана, мектеп, бала бакча, жогорку окуу жайларда жана Суусамыр — Талас — Тараз эл аралык жолунун жээгинде өткөрүлдү.
Президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов да ишембиликке катышып, айлана-чөйрөнү тазалоо жана экологияга аяр мамиле кылуу ар бир жарандын милдети деп белгиледи. «Мындай жөрөлгөнү салтка айлантып ишембиликтерди мезгил-мезгили менен уюштуруп турууну колго алабыз”, — деди ал.
Белгиленгендей, айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча ишембиликтер КР президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатын көздөйт.