Талас облусундагы Үрмарал дарыясында жаңы көпүрө ачылды

Талас облусундагы Үрмарал дарыясында жаңы көпүрө ачылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, көпүрө эл аралык маанидеги Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолунун 133-чакырымында курулду.

 

Узундугу 90,5 метр, туурасы дээрлик 15 метрди түзгөн көпүрөгө каражатты Япония грант түрүндө берген.

 

Курулуш Талас облусунун жашоочулары үчүн маанилүү транспорттук байланыштарды жакшыртып, аймактын инфратүзүмүн өнүктүрүү менен экономикалык өсүшкө чоң салым кошот деп күтүлүүдө.