Талас шаарында ири үч завод, сегиз аттракцион курулат

Талас шаарында ири үч завод, сегиз аттракцион курулат. Мэр Эрмат Жумаев билдиргендей, быйыл шаарды өнүктүрүүгө республикалык казынадан 1 миллиард сомдон ашык  бөлүнгөн.

 

12-июлда Таласка завод куруу боюнча кытайлык компания менен меморандумга кол коюлду. Заводдун бири асфальт чыгарса, экөө темир-бетон жана кум-шагыл чыгармакчы.

 

Завод иштеп баштаса, 100дөн ашык жаңы жумуш орду түзүлөт Андан тышкары, Талас шаарында   50 чакырым тротуар, веложолдор курулат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.