Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, курулуш 2023-жылдын сентябрь айында башталып, жети айда толугу менен аяктады.

 

Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышып, милицияга жүктөлгөн милдеттерди мындан ары күчөтүү максатында кошумча автоунаалар, керектүү жабдуулар жана атайын каражаттар тапшырыла турганын айтты.

 

Белгилеп кетсек, бүгүн Таласта жаңыланган аэропорт ачылып, Киров суу сактагычына курулган Бала-Саруу ГЭСи пайдаланууга берилди.