Таластын губернаторун кызматтан бошотуу сунушталды

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардановду ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө тиешелүү чечимдин долбоору Садыр Жапаровго киргизилмей болду. Мындай чечим Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунда кабыл алынды.

 

Мунун себеби чиновник функционалдык милдеттерин жетишсиз деңгээлде аткаргандыгы, ишенип берилген аймактагы координация иштеринин жоктугу, уюштуруу ишиндеги кемчиликтерге жол бергендиги менен түшүндүрүлдү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.