Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары жолугушту

Бүгүн, 24-январда Ташкент шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Экономикалык кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин 26-кеңешинин алкагында өттү.

Тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Тышкы иштер министрликтеринин башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун жана көп тараптуу форматтардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерине токтолуп, үстүбүздөгү жылга карата иш пландары боюнча пикир алмашты.