Tesla 2026-жылы гуманоид-роботторду массалык өндүрүүнү баштайт

Tesla 2026-жылы гуманоид-роботторду массалык өндүрүүнү баштайт. Компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск билдиргендей, адамдын сөлөкөтүнө окшотуп жасалган машинанын болжолдуу баасы 20 миң долларды түзөт.

 

Жасалма интеллект менен башкарылган роботтор быйыл тесттик режимде компаниянын өзүндө иштеп баштайт.

 

Маск ишендиргендей, ал эми келечекте алар заводдордо, чоң кеңселерде кызматкерлерди алмаштыра алат.