The New York Times гезити 2022-жылы эң көп колдонулган cөздөрдү атады.
Алардын сап башында “Украина” турат.
Ал гезитте 4 миң 533 жолу айтылган.
Ал эми экинчи орунда “Россия” сөзү жайгашты, ал 3 миң 339 жолу колдонулган.
Басылманын маалыматына караганда бир жыл мурун, “Байден” жана “COVID” деген сөздөр эң көп колдонулган.
Журналисттер гезиттин тарыхында көп колдонулган сөздөрдү дагы сунушташты.
Мисалы, 1914-жылы биринчи дүйнөлүк согуштун тушунда “Немец” деген сөз беш жыл катары менен лидерликти кармап турган.