Чүй облусуна караштуу Токмок – Прогресс – Кайырма унаа жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Унаа жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган жолдун 3 чакырым аралыгына асфальт жаткырылып, жумуштар толук жыйынтыкталды.
Жалпысынан 15 чакырымды түзгөн Токмок – Прогресс – Кайырма унаа жолунун 0-1, 8-9 жана 11-12-чакырым аралыгына 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган.