Токмок шаарында кампадан ири өрт чыкты

Токмок шаарынын Панфилов көчөсүндө жайгашкан кампадан ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 13:10дө чектөөгө алынган. Өрттүн аянты болжол менен 4000 чарчы метрди түзөт.

Учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө.