Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд метр кубдан ашты

Токтогул суу сактагычында июлдун алгачкы жумасында 11 млрд 112 млн метр куб суу топтолду. Май айында 9,5 млрд метр куб суу бар болчу.

«Электр станциялары» ишканасы учурда суу сактагычка секундасына 1082 метр куб суу агып кирсе, чыгышы 451 метр кубду түзүүдө.

Марттын башында суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөп, өкмөт электр энергиясын берүүгө чектөө киргизе баштаган.

Токтогул районунун аймагындагы Нарын дарыясына курулган суу сактагычка 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдө акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар куят.

2007-2008-жылдары суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтоп каларын эскертишет.