Токтогулда суунун көлөмү 11 миллиард 519 миллион кубометрди түздү

Токтогулда суунун көлөмү 11 миллиард 519 миллион кубометрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 772 куб метрди түзсө, керектөө секундасына 439 куб метрди түзүүдө. Өлкө энергетиктери электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып келет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.