Токтогулда суунун көлөмү 12 миллиард кубдан ашты

Токтогулда суунун көлөмү 12 миллиард кубдан ашты. “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматында, бүгүнкү күндө суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 739 метр куб, агып чыккан суу 478 метр кубду түзүүдө.

 

Эки ай мурда, 8-июнда суу сактагычта 10 млрд кубометр суу бар болчу.  Энергетика министрлиги быйыл жайкысын да керектөө чектен ашып, сууну иштетүү күч алганын белгилейт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.