Токтогулдагы суунун көлөмү 11,8 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 29-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 810 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 779 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 469 куб метрди түзүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.