Токтогулдагы суунун көлөмү азауюда.
“Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн башкы резервуарында 9 миллиард 889 миллион куб метр суу бар.
Суунун агып келиши секундасына 112 куб метр болсо, керектөө 863 куб метрди түзүүдө.
Буга байланыштуу энергетиктер керектөөчүлөрдү жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.