Транспорт министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Бектурсун Дыканбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Тилек Текебаев кол койду.

 

Бектурсун Дыканбаев буга чейин министрликке караштуу жол чарба департаментинин иштерди пландаштыруу, даярдоо жана кабыл алуу бөлүмүн жетектеген.