УЕФА Европа чемпионатынын эң ыкчам футболчуларын атады

УЕФА Европа чемпионатынын эң ыкчам футболчуларын атады. Рейтинг чейрек финалдын жыйынтыгы менен түзүлдү. Ага ылайык, максималдуу ылдамдыкты Франция курамасынын капитаны Килиан Мбаппе көрсөттү – саатына 36,5 чакырым.

 

Экинчи орунда Испаниянын чабуулчусу Ферран Торрес жайгашат, ал саатына 36 чакырым чуркайт. Ыкчам футболчулардын үчилтигин Словения курамасынын форварды 35,9 чакырым менен Беньямин Шешко бекитет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.