УКМК 300 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөнүн билдирди

Курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексинин 300 батири мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, УКМКнын дарегине Орто-Сай айылындагы 3,08 гектар жер тилкесинин тең ээси болгон эки жаран 17 жаштагы Б.С. аттуу жарандан алданып калгандарын айтышып, арыз менен кайрылышкан. Анын негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, Б.С. аттуу жаран үлүш ээлери менен макулдашуусуз жер участогун турак жай комплексин куруу үчүн курулуш компаниясына сатып жибергендиги аныкталды. Ал компания аны менен келишим түзүп, Орто-Сай айылындагы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексиндеги 18 миң чарчы метр турак жай аянтын алмай болгон.

 

Жер тилкесинин үч тең ээсинин катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында Б.С. зыяндын ордун толтуруунун эсебинен жабыркаган эки жарандын пайдасына 18 миң чарчы метрди берди.

 

“Үлүш ээлери 3 миң чарчы метрди компенсация катары алууну билдиришип, ал эми калган 15 миң чарчы метрди өз ыктыяры менен мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришти”, — деп айтылат маалыматта.

 

УКМК белгилегендей, учурда аталган жер участогунда көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды. Үйлөрдү жакынкы эки жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда. Аталган турак жай аянттары Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берилет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.