Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси эл аралык валюта рыногунан 48 миллион доллар сатып алды. Бул жыл башынан берки 15-интервенция. Анын он экиси долларды сатып алуу боюнча жасалган.

 

Жалпысынан Улуттук банк 347 миллион доллар алды. Белгилеп кетсек, бул каржылык операция валюта серпилүүсүн алдын алууга багытталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.