Ысык-Көл облусунда жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көл облусунда жаңы мектеп пайда болот. Тендерди аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. 750 окуучуга чакталган объект Түп айылында жайгашат.

 

Долбоордун сметалык баасы 455 миллион сомдон ашат. Мектепте окуу класстарынан тышкары, спорт зал, ашкана, акты залы жана музыка кабинеттери каралат.