Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Үч-Коргон суу сактагычы пайда болот

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Үч-Коргон суу сактагычы пайда болот. Курулушка капсула салуу аземине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.

 

Объектти куруу аймактагы сугат жерлерин суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Натыйжада Тоӊ районундагы Төрт-Күл, Күн-Чыгыш, Болот Мамбетов жана Тоӊ айыл өкмөттөрүнүн 4 миң гектар жерин суу менен камсыздоо жогорулайт жана 800 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт.

 

Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында аяктайт.