Ысык-Көлдө 12 пансионаттын иши убактылуу токтотулду

Ысык-Көлдө 12 пансионаттын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, эс алуу жайлары экологиялык нормаларды бузган.

 

Белгиленгендей, тизмедеги айрым объектилерде тазалоочу жайлардын курулушу башталды. Мыйзам бузуулар жоюлгандан кийин, аларга туристтик сезонго даярдыгы боюнча паспорт берилет.