Ысык-Көлдө баасы 20 млн сомдон ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет баасы 20 млн сомдон ашык жер тилкесин мамлекетке кайтарды.

 

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Карасаев айыл аймагындагы 1,63 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды.

 

Тийиштүү иликтөө иштеринин натыйжасында сметалык баасы 20 млн 110 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси ыктыярдуу түрдө муниципалдык менчикке кайтарылды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.