Ысык-Көлдө “Каркыра” эко-комплексинин курулушу башталды

Ысык-Көлдө “Каркыра” эко-комплексинин курулушу башталды. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, ден соолукту чыңдоочу объект жыл бою иштейт.

 

Долбоор алты этап менен ишке ашат, учурда курулуш аянтын жабдуу, анын ичинде техникалык жолдорду жана электр линияларын түзүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Комплекс массалык спорттун ар кандай түрлөрүн, кышкы жана жайкы эс алууну, машыгуу процесстерин жана мелдештерди өткөрүү үчүн ыңгайлуу болот. Долбоордун наркы 191 миллион доллардан ашык.